Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.04.2024, 10:37

Экономика жана коммерция министрлиги “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мыйзам долбоору камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 27,25%дан 12,25%га чейин төмөндөтүүнү карайт, мында:

  • 2,25% - иш берүүчү тарабынан төлөнөт;
  • 10% - кызматкер тарабынан төлөнөт.

Бирок, мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

  • мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар;
  • мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштетүүчү жана мамлекеттик маанидеги жер казынасын пайдаланууга лицензиясы бар тоо-кен казып алуу ишканалары,
  • электр, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу (камсыздоо) боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюмдарга кыскарбайт.
  • КРнын мыйзамдарына ылайык бул ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар мунайзаттарын өндүрүү жана кайра иштетүүчү субъекттерди кошпогондо, алкоголду, тамеки буюмдарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү жана импорттоо боюнча ишкердиктин субъекттери;
  • КРда лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндө (өсүмдүк чийки затынан биоэтанолду өнөр жайлык өндүрүүнү жана аны сатууну кошпогондо, мунай жана жаратылыш газын кайра иштетүү);
  • уюлдук байланыш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер;
  • Интернет провайдерлери;
  • коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер үчүн кыскарбайт.

Читать похожее

  • 25.07.2024, 21:45:50
  • 23.07.2024, 23:00:24
  • 04.07.2024, 04:15:53
  • 04.06.2024, 23:10:32