Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

16.02.2024, 05:00

Март айында Кара-Балта шаарында жаңы гемодиализ борбору ачылат. Гемодиализ борборунан билдиришкендей, долбоорго салынган инвестиция 600 миң долларды түздү.

Аталган борбордо бөйрөк терапиясы – гемодиализ кызматы көрсөтүлөт. Келечекте плазмаферез жана гемоперфузияны киргизүү пландалууда.

“Учурда оңдоо иштери аяктады. Майда косметикалык кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат, андан кийин жабдууларды жана эмеректерди орнотуу башталат”, - деп айтылат маалыматта.

Бейтаптар үчүн гемодиализ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен акысыз жүргүзүлөт.


Читать похожее

  • 25.06.2024, 02:52:58
  • 08.05.2024, 05:10:20
  • 19.02.2024, 04:15:40
  • 15.02.2024, 23:00:29