Опубликовано
19.03.2022, 07:53Кара-Балта шаарынын “О” ЖЧК заводунун жасалма алкоголдук продукциясын өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
17-мартта өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 миң бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.
Тинтүү учурунда андан тышкары, 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка) табылды.
Учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.