Опубликовано
23.08.2023, 03:55Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылында 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин облустук капиталдык курулуш башкармалыгы 67 млн 990 миң 783 сомго тендер жарыялаган.
Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 6-сентябрь.