Опубликовано
12.04.2023, 10:31Түштүк Кореянын KOICA агенттиги, Good Neighbors эл аралык уюму жана Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги биргеликте Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылында аймактарды өнүктүрүүгө багытталган борбор ачты.
Маалыматка ылайык, аталган жайда кыска мөнөттөгү бала бакча, атайын окутуу курстары иштейт.
Бул аймактагы энелер балдардын ал жерге таштап, өнүгүү борборлорундагы семинар, тренинг, окутууларга катыша алышат.
“Бул борборду ачуунун негизги максаты айыл жергесиндеги тургундардын жана аялдардын потенциалын жогорулатуу жана балдарга кам көрүү болуп эсептелинет”, - дейт долбоордун өкүлү Айгүл Алишова.