Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.07.2024, 10:31

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер адиси К.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында К.А.А. аттуу жаран КР УКМК кызматкерине 5 миң доллар, 691 миң сом жана 5 миң россиялык рубль өлчөмүндө пара сунуштаган.

Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын берүү учурунда аталган К.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кармалды.

Кармалган жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


Читать похожее

  • 08.07.2024, 04:31:17