Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

04.03.2022, 09:56

Кара-Суу районунда ири көлөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

3-мартта милиция кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү жасалма АКШ долларын сатууну көздөгөн Алай районунун тургунун кармалган. Анын жанынан 100 долларлык 50 даана купюра табылган. Анын шериги катары Жалал-Абад облусунун тургуну кармалып, анын кийип жүргөн курткасынын чөнтөгүнөн жасалмага шек саналган 100 долларлык 7 даана купюра табылып алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.Эки шектүү тең сурак учурунда күнөөлөрүн мойнуна алышып, көрсөтмөсүн беришкен. Алар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жасалма акчаларды кайсы жакта жасалганы жана кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.


Читать похожее

  • 04.12.2023, 23:05:51
  • 04.12.2023, 01:45:20
  • 04.03.2022, 03:56:32
  • 03.03.2021, 21:45:26