Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.07.2024, 03:50

Каракол шаарында шаардык стадионду реконструкциялоо иштери башталды. Оңдоо иштерине 342 млн сом сарпталат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

“Шаардык стадион Ысык-Көл облусунун спорттук жашоосунун борборуна айланып, спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү керек. Оңдоп-түзөө иштеринин жалпы суммасы 342 млн сомду түзөт, анын ичинде стенддердин астындагы жайларды оңдоо, бардык зарыл шарттары бар эки машыгуу аянтчасы, аймакты жашылдандыруу каралган”.


Читать похожее