Опубликовано
14.07.2023, 09:11Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду оңдоодо мамлекетке 2 млн сомго жакын зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Каракол шаарынын Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1.4 км. жолду оңдоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө дирекциянын айрым кызмат адамдары аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалаган.
Натыйжада жол сапатсыз жасалгандыктан 6 айга жетпей бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом акчалай түрдө зыян келтирилген.
Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча Ысык-Көл областтык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.