Akchabarsearch
    Источник фото: Министрлер кабинети

    Опубликовано

    12.04.2022, 05:27

    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыз өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү.

    Жыйындын жүрүшүндө Кожошев белгилегендей, эксперттик топ тарабынан кайрылуулардын көптүгүнө карабастан, ар бир кайрылуу тыкыр иликтенип, айрымдары боюнча оңдуу чечимдер кабыл алынган.

    «Жумушчу топ тарабынан көлөмдүү иштер аткарылды. Зайым каражаттарын алууга муктаж жарандардын саны жогорулагандыгын эске алуу менен юридикалык жана физикалык жактарга кредит берүү укугуна ээ болгон финансылык институттардын «Кыргызстанда сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам ченемдерин сактоосуна карай мониторинг жүргүзүү маселеси каралды», - деди Кожошев жана комиссиянын иши улантылаарын кошумчалады.

    Белгилесек, ведомстволор аралык комиссия министрлер кабинетинин 2011-жылдын 21-декабрындагы чечимине ылайык түзүлгөн. Ведомстволор аралык комиссиянын иштөө мезгилинде президенттин жана министрлер кабинетинин дарегине жөнөтүлгөн жарандардын бардык арыздары каралган.


    Читать похожее