Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    05.06.2024, 06:35

    Кыргыз фондулук биржасы "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКнын баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болгонун билдирди.

    Маалыматка караганда, 31-майда аталган банктын акциялары 1 млн 400 миң нускада жалпы суммасы 1 млрд 400 млн сом өлчөмүндө кошумча алтынчы чыгарылышта жайгаштырылды.

    Ошентип акционер Финансы министрлигинин үлүшү 16 млрд 800 млн сондон 18 млрд 200 млн сомго (акциялардын саны 18,2 млн нуска) чейин көбөйдү. Капиталдагы үлүш 100%.


    Читать похожее