Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

10.03.2022, 04:56

«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган компания Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 млн сом өлчөмүндө аныкталган бул компаниянын уюштуруучусу катары саналат",- деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:

  • «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы» ААКты юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
  • – баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы» ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.

Читать похожее

  • 29.04.2024, 03:32:49
  • 15.11.2023, 00:30:12
  • 09.03.2022, 22:56:16