
Опубликовано
23.08.2023, 03:40Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстан менен чек арадагы кырдаалды мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иш-чаралар менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Казакстандын “Казтаг” маалымат агенттиги билдирди.
Белгилеп кетсек, буга чейин 3-4 күндөн бери Казакстандын чек арасында кыргызстандык жүк ташуучу унаалар өтө албай турганы, мындан удам узун кезек жаралганы айтылган.
“Чек ара кызматы чек ара аймагында, анын ичинде чек ара бекеттеринде мыйзамсыз аракеттерге каршы иш-чаралардын комплексин ишке ашырууда. Чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат, текшерүү убактысынын ченемдик нормалары так сакталууда”, - деп айтылат Казакстандын Чек ара кызматынын маалыматында.



