Опубликовано
14.08.2023, 11:00Казакстан биринчи жолу банан өстүрө баштады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өндүрүүчүлөр жылына 1000 тонна банан өндүрүүнү максат кылууда. Банандар күнөсканада өстүрүлөт.
“Түркстан облусунда банан өнөр жайлык масштабда чыгарылат. Түркиянын “GenGroup Qazaqstan” компаниясы аймактагы банан бактары менен 5,3 гектар жерге күнөскана комплексин курду. Аны дагы 5 гектарга кеңейтүү пландалууда. Банандын сорту атайын өстүрүлүп, Казакстандын климаттык шартына ылайыкташтырылган”, - деп айтылат маалыматта.