Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

10.08.2023, 10:27

Казакстан суюлтулган мунай газды автомобиль жана темир жол менен экспорттоого үч жылдык чектөө киргизет. Бул тууралуу “КазТаг” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, суюлтулган газ, пропан жана бутанды Казакстандын аймагынан үч жылдык мөөнөткө автомобиль транспорту менен, алты айлык мөөнөткө темир жол транспорту менен экспорттоого тыюу салынат.

Белгиленгендей, Казакстанда суюлтулган газдын чекене баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген жана анын натыйжасында калктын жана көптөгөн өнөр жай ишканаларынын отундун бул түрүнө тез өтүүсү байкалган. Ошентип, өткөн жылы ички рынокто керектөө 2021-жылга салыштырмалуу 28%га өскөн. Ошону менен бирге 2023-жылдын 6 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу керектөөнүн өсүшү 100 миң тоннага жакынды түзгөн.


Читать похожее