
Опубликовано
08.07.2024, 11:50Казакстанда энергетикалык суусундуктарды 21 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Белгилеп кетсек, ушул эле мыйзам менен кумар оюндарына жана лотереяга катышууга тыюу салынган адамдардын тизмеси кеңейтилген. Ошондой эле, букмекердик кеңселердин жана лотереялардын тышкы жарнактарына тыюу салынып, лотерея билеттерин таратууга жана лотерея терминалдарын турак жайларда, жатаканаларда, диний имараттарда, маданият уюмдарынын имараттарында, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жанында орнотууга тыюу салынды.
“Өсүп келе жаткан муундун ден соолугун энергетикалык суусундуктарды колдонуунун кесепеттеринен коргоо үчүн аларды 21 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынууда”, - деп айтылат маалыматта.