Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.10.2023, 03:45

    Казак бийлиги көмүр тартыштыгын алдын алуу үчүн экспорттоого тыюу салууну узартат. Бул тууралуу Өнөр жай жана курулуш министрлигинин басма сөз кызматына таянып “КазТаг” маалымат агенттиги билдирди.

    Маалыматка ылайык, бул жылытуу мезгилинде калк үчүн көмүр тартыштыгын болтурбоо максатында жасалууда.

    "Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлиги көмүрдү Казакстандын аймагынан автомобиль менен ташып чыгууга учурдагы тыюуну узартууну пландаштырууда", — деп айтылат билдирүүдө.

    Тыюу 26-ноябрдан баштап дагы алты айга узартылды. Анда төмөнкү көмүрдүн түрлөрү тышка чыгарылбайт:

    • таш көмүр, майдаланган же майдаланбаган, бирок агломерацияланбаган көмүр;
    • лигнит, же агломерацияланган же агломерацияланбаган күрөң көмүр.


    Читать похожее