Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.04.2021, 10:15

2021-жылдын январь айында Казакстан дээрлик 5.1 млн тонна чийки мунай экспорттогон. Анын ичинен 1.2 млн тоннаны Италия 390 млн долларга сатып алган. Бул тууралуу energyprom.kz порталы жазып чыкты.

[news 33895]

Басылмадан белгилешкендей, экспорттун көлөмү жыл ичинде 39% төмөндөгөн. Өткөн жылдын январь айында Италия Казакстандан 1.6 млн тонна мунайды 738 млн долларга сатып алган.

Мунайды импортточу өлкөлөрдүн экинчи катарында Нидерландия өлкөсү турат. Өлкө дээрлик 1 млн тонна мунайды 319 млн долларга сатып алган. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу экспорттун көлөмү 65% жогорулаган.

Андан соң, Испания (170 млн долларга 559 мин тонна мунай) жана Франция өлкөлөрү (129.4 млн долларга 435 миң тонна) турат.


Читать похожее

  • 06.08.2024, 23:42:04
  • 06.08.2024, 22:12:34
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 23.07.2024, 05:02:32