
Опубликовано
10.03.2023, 06:15Казакстандын мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгымдары 10,8%ды түздү. Бул тууралуу Экономикалык изилдөө институтуна таянып жергиликтүү медиалар жазды.
Маалыматка ылайык, карызды тейлөөгө кеткен чыгымдар 2023-жылдын январында 7%га өсүп, 165,8 млрд тенгени түзгөн.
“Ошондой эле, мамлекеттин чыгашаларынын дээрлик үчтөн экиси билим берүүгө – 17,1%, саламаттыкты сактоого – 17,8% жана социалдык жардам жана камсыздоого – 27,4% кеткен”, - деп айтылат маалыматта.



