Akchabarsearch
    Источник фото: Турмуш

    Опубликовано

    20.09.2019, 04:42

    Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, Көчмөндөр оюндарындагы көргөзмөгө өзү жасаган ээр-токумдарды көрсөттү. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазат.

    Сүйүнаалы Момунбаевдин айтымында, ал көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.

    Мен Ак-Талаа районунан келдим. Ар кандай кооздуктагы жана күмүштөн жасалган ат-жабдыктарын көргөзмөгө алып келдим. Кол өнөрчүлук биздин тукумда бар. Атам жана чоң атам – өлкөнүн эн алдыңкы усталарынан болушкан. Ата-бабанын жолун жолдойун деп чечтим.”

    Кыргыздар илгертеден бери ат жабдыктарын баалап келгендигин кошумчалады жана ал өзүнүн кол эмгегин 100 000 сомго баалоодо.

    Бул жүз миң сомго бааланып жаткан ат жабдык 2 айдын ичинде жасалып бүттү. Баары колго жасалган. Атайын машина колдонулган жок. Баардыгы кооздугуна кызыгышууда. Андан сырткары кур жасайм. Алларды көбүнчө маданий инсандар буйрутмага берип, жасатышат” – деп билдирди.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:53:58
    • 21.12.2023, 05:00:20
    • 23.11.2023, 21:33:05
    • 17.10.2023, 23:15:32