Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

17.01.2022, 04:58

Бүгүн, 17-январдан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Кең-Булун-авто жол” жана “Токмок-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүп баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

17-январь саат 10.00 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында кырдаал туруктуу.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагынан жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:

  • Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол”, “Ак-Жол авто жол”, “Токмок-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.

Кыргызстандын “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.

Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандын “Ак-Тилек-авто жол”, “Чалдыбар-авто жол” жана “Чоң-Капка авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат.

Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана Кыргызстандын “Кең-Булун-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандан Казакстандын аймагына чыга алышат.

"Өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок",- деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, УКМКнын Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экендигин эскертет.


Читать похожее

  • 28.08.2023, 23:00:47
  • 21.02.2022, 23:47:50
  • 16.01.2022, 22:58:44
  • 07.09.2020, 04:00:39