Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

20.10.2023, 11:20

2024-жылдан 2026-жылга чейин социалдык жөлөк пулдарга чыгашалар болжол менен 19,7 млрд түзөт, пенсияга 40 млрд сомдон ашык каражат каралууда. 2024-жылга капиталдык чыгашалар 70 млрд 900 млн сомдон 51,1 млрд сомго чейин, андан ары кыскартуу 2026-жылга чейин пландалууда. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Бул биринчи кезекте энергетика тармагын капиталдаштырууга кеткен чыгымдарга байланыштуу. 2026-жылга чейин капиталдаштырууну аяктоо жана энергетика тармагын карыздан бошотуу пландалууда.

“Бул 2023-жылдын бекитилген бюджетинен 55,4 млрд сомго көп. Бул өсүш негизинен мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду капиталдаштыруунун эсебинен болот. Тактап айтканда, бул энергетика тармагын капиталдаштырууга кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу. Атайын эсептердеги каражаттарды жана мамлекеттик инвестицияларды кошкондо, чыгашалардын 39,4%ын финансылык активдер түзөт. Реалдуу сектордун чыгашаларынын көбөйүшү бюджеттин экономикалык бөлүгү өсүп жаткандыгын айгинелейт. Бул биздин өлкөгө таасирин тийгизет деп ишенем. Бюджеттик тармакка 26,1 млрд сом каралган”, - деди министр.

Ошондой эле, мамлекеттик карыз боюнча абал ушундай. Пайыздык төлөмдөр 5,6 млрд сомго көбөйгөн. 2024-жылы бул максаттарга 19,8 млрд сом каралган.


Читать похожее