Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.07.2024, 07:37

Кемин районунда жайгашкан 1 млрд 782 млн сомдук кен мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, №50 инвестициялык номерлүү 196 гектар аянттагы өнөр жай жерлерин (карьерлерди) мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Тийиштүү баалоонун жыйынтыгы боюнча аталган кендин базар баасы 1 млрд 782 млн 656 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, аталган кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн "Боорду" ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз иштетилген. Тактап айтканда, жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер таризделген эмес.

Учурда аталган кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Читать похожее