Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.06.2024, 08:37

“Кепилдик фонду” ААКсы жыл башынан бери өлкөнүн ишкерлерине 3 млрд 147 млн сомдон ашык суммадагы насыялык каражаттарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылды.

Кредиттик каражаттардын бул көлөмүн облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында бизнести өнүктүрүүгө багытталган 1 млрд 165 млн сом суммасында 1 миң 458 кепилдик менен берилди.
Алынган кредиттердин көлөмү боюнча алдыңкы орундарды Чүй жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлери ээледи. Чүй борборунун ишкерлери 137,1 млн сомдук кепилдиктерди пайдаланып, бизнесин өнүктүрүү үчүн дээрлик 344 млн сом алышкан. Жалал-Абад облусунун өкүлдөрү 120 млн сомдон ашык суммадагы кепилдик каражаттарды пайдаланышып, 288 млн сомдон ашык кредиттерди алышкан.

Ош облусунун ишкерлери кредиттик каражаттардын көлөмү боюнча үчүнчү орунду ээледи – 267,2 млн сом, алар үчүн 113,6 млн сом кепилдик суммасы талап кылынган.

Андан ары:

  • Талас облусу – кредиттик каражаттар – 262,7 млн ​​сом, кепилдиктер – 95,3 млн сом;
  • Ысык-Көл облусу – кредиттик каражаттар – 170,2 млн сом, кепилдиктер – 72,5 млн сом;
  • Баткен облусу – кредиттик каражаттар – 146,7 млн ​​сом, кепилдиктер – 58,5 млн сом;
  • Нарын облусу – кредиттик каражаттар – 105,5 млн сом, кепилдиктер – 39,1 млн сом.


Читать похожее

  • 02.08.2024, 03:15:40
  • 17.06.2024, 02:37:56
  • 19.09.2023, 23:50:18
  • 10.02.2021, 22:00:43