Опубликовано
06.03.2022, 07:32Кыргызпатент кепилдик фонддордун кыргыз моделин «Кепилдик фонд» ААКтын интеллектуалдык менчиги катары катталды. Бул туралуу Кепилдик фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Товардык белгини (тейлөө белгисин) каттоо жөнүндө чечим 2022-жылдын 15-февралында мамлекеттик реестрге киргизилди.
Авторлору – «Кепилдик фонд» ААК жана КРнын Кепилдик фонддору жана Ишкерлер ассоциациясы.
Ошентип, «Кепилдик фонд» ААК кепилдик фонддордун кыргыз моделин колдонууга интеллектуалдык менчик укугун камсыз кылды.
Кыргызстанда 2011-жылы кепилдик фонддордун жаңы финансылык системасы түзүлүп, анын курамына «Кепилдик фонд» ААК жана алты регионалдык филиалдар кирген. Алар кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда керектүү кредиттин суммасын алууга жардам беришет.
Кепилдик фонддорду (КФ) түзүү зарылчылыгы көз карандысыз эксперттердин пикири боюнча, кайрылган ишкерлердин 40тан 50%га чейин күрөөлүк камсыздоонун жоктугунан талап кылынган кредиттин суммасын ала албагандыгына байланыштуу болгон.
Мындан тышкары, жакшы кредиттик тарыхтын жоктугунан банктар ишкерлерге кредит берүүдөн баш тартышат, же кредиттин жогорку пайызын аныкташат.
Бүгүнкү күндө Кепилдик фонд Кыргызстанда ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүчүлөрдүн бири болуу менен жакшы практикалык натыйжаларга жетише алды, анын аркасында миңдеген ата мекендик ишкерлер өздөрүнүн бизнес-пландарын ишке ашыра алышты.
Кепилдик фондунун иши Европа өлкөлөрүнүн, Япониянын, Түштүк Кореянын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына негизделген, аларда кепилдик фонддор бизнести колдоонун күчтүү институттары болуп саналат.
Эки деңгээлдүү кыргыз модели жаңы финансы институту катары 2016-жылы түзүлгөн. Кичи жана орто бизнести колдоо боюнча иш-чаралардан кийин Өкмөттүн 2016-жылы “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому түзүлгөн.
"Кепилдик фондунун кыргыз моделинин тажрыйбасы КМШдагы өнөктөш өлкөлөрдү, ошондой эле эл аралык финансы институттарын кызыктырат. Кепилдик фонд Кыргызстандын эл аралык аренада позитивдүү имиджин калыптандыруу менен башка мамлекеттерге кыргыз моделин киргизүүнү пландаштырууда. Фонд тарабынан түзүлгөн кепилдик фонддордун кыргыз модели бренд статусуна ээ болду", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 2018-жылы чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча кепилдик фонддорунун иштөө модели Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан ийгиликтүү, туруктуу жана натыйжалуу ишкерлерге жардам берүүчү катары таанылган.
Кепилдик фонддордун кыргыз моделинин негизинде келечекте Борбордук Азиянын Кепилдик фонду түзүлөөрү пландалууда, анын негизги максаты Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы көбөйтүү болуп саналат.