Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

14.08.2023, 04:50

Кыргызстанда быйыл январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө баалары жана тарифтери көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, баалардын максималдуу өсүшү Нарын облусунда (12,4%) катталды. Бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарына баалардын эң көп өсүшү (17,0%) менен шартталган.

Ошондой эле, азык-түлүк эмес товарларга 15%, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 9,7%, ошондой эле калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 12,8%га жогорулган.

Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир эткен:

  • ички рыноктун азык-түлүк товарларынын (ун, өсүмдүк майы, кант, акшак ж.б.) импортунан көз карандылыгы;
  • азык-түлүккө (жемиштерге, жашылчаларга) баалардын сезондук өзгөрүшү;
  • дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу жеткирүү чынжырларынын бузулушу,
  • тиешелүүлүгүнө жараша логистиканын наркынын өсүшү;
  • энергетикалык ресурстарга дүйнөлүк баалардын туруксуздугу;
  • калктын жогорку инфляциялык күтүүлөрүн сактоо.


Читать похожее