akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.12.2019, 05:43

    2019-жылы расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3% (2018-жылы- 2 8% түзгөн) болгон. Республиканын шаарларынын жана облустарынын арасында расмий жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда (жумушчу күчтүн санынан 1,2%). Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (7,3%) белгиленген.

    2019-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 102,9 миң жумушсуз адамды түзгөн, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,0 миң адамга же 12% көп. Анын ичинен 48,0 миң адам же 46,6% аялдар түзөт. Ошону менен бирге расмий түрдө жумушсуз макамын алгандар 83,3 миң адам, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 18,9% көп.

    2019-жылдын 10 айында калкты жумуш менен камсыздоо органдарына 139,5 миң адам кайрылган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 2% көп (136,1 миң адам). Алардын ичинде 60% (84,5 миң адам) эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу мыйзамдары маселелери боюнча кеңеш алышкан.

    Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына берилген бош жумуш орундарынын саны 22 728ди түзүп, өткөн жылга караганда 1,7 миңге аз болгон. Бош орундар арасында суроо-талап жумушчу адистиктерге жогору. 2019-жылдын 1-ноябрына карата 5203 бош орунга суроо-талап болгон эмес, же өткөн жылдын деңгээлинде калган. Бир бош жумуш ордуна 20 адам көрсөтүлгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 адамга көп.

    2019-жылдын 1-ноябрына карата каттоодон 41,1 миң жумушсуз жаран чыгарылган, анын ичинде 18,9 миң жумушсуз же 46,1% - жумуш берүүчүлөрдүн бош орундарына кабыл алынган жарандар.

    Кесиптик окутуудан өткөн соң 2658 жумушсуз жаран ишке орноштурулду.

    КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.


    Читать похожее

    • 02.01.2024, 02:12:43
    • 06.11.2023, 23:30:59
    • 15.12.2019, 23:43:32
    • 10.10.2019, 21:47:14