Akchabarsearch

Опубликовано

14.06.2019, 08:28

Заманбап шарттарда интернет айдыңынан келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугунун реалдуу коркучунтары болуп эсептелет деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.​

Текшерилбеген, көп учурда алдын-ала калп маалыматтар таркатылып, терс маанай жаратып жатканы көп болууда деп билдирди мамлекет башчы.

«Кылмыштуу, террористтик жана согуштук-саясий максаттарда АйТи технологияларды колдонуу коркунучтары күчөп жатат. Буга байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинин маанилүү маселеси болуп калышы керек деп эсептейбиз»,– деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков

Санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында аракеттенишүү жана аймактар аралык кызматташуу системасын куруу маанилүү. ШКУга мүчө бир катар мамлекеттердин бул тармакта топтогон чоң тажрыйбасы бар.


Читать похожее