akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    19.05.2020, 10:30

    Кийим-кече сатуучу базарлар 25-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

    [news 24067]

    Анын айтымында, 21-майдан тарта ишке киргизиле турган тармактар эки этапка бөлүнгөн. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу медиктер берген сунуштамаларды эске алып, бир катар тармактарды 25-майдан тарта ишке киргизүү чечими кабыл алынды”, - дейт Боронов.

    Алар :

    • Кийим-кечек саткан базарлар – Дордой базары, Орто-Сай, Ош базарларынын кийим-кече сатуу бөлүгү, Кара-Суу базары жана башка аймактарда жайгашкан бардык базарлар;
    • 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар(коноктор менен 1,5-2 метр аралыкты так сактоо талабы бар);
    • Театрлар, музейлер, китепканалар, көргөзмө залдар, галереялар, маданий агартуу жайлардын ишмердүүлүгү;
    • Шаар ичиндеги коомдук транспорттор (автобустар, троллейбустар, кичи автобустар).

    Боронов кошумчалагандай, бардык ишин жанданткан тармактар санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоосу зарыл.


    Читать похожее