Akchabarsearch
    Источник фото: Улуттук банк

    Опубликовано

    05.04.2022, 04:28

    Кечээ, 4-апрелде Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАТ) төрагасы Ю.А. Чиханчин жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

    Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды.

    Белгилей кетсек, жолугушууга Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбеков катышты.


    Читать похожее

    • 04.04.2022, 22:28:25