Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.10.2020, 05:05

Бүгүн, 7-октябрда акча алмаштыруучу жайлар ишин жандандыра алышат. Бул тууралуу «Акчабарга» «Альянс» акча алмаштыруучу Ассоциациянын өкүлү Чыңгыз Бийлибаев билдирди.

[news 23276]

«Азыр биз абалды көзөмөлдөп турабыз. Эгерде шаар ичи тынч болсо, анда акча алмаштыруучу жайлар иштей беришсе болот. Бүгүн биз саат 16:00-17:00гө чейин иштөөнү пландап жатабыз»‎, — деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, 5-6-октябрда кырдаалдан улам Бишкекте акча алмаштыруучу жайлар жабылган.