Опубликовано
06.10.2020, 03:55Улуттук банктын чечими менен бүгүн, 6-октябрда бардык коммерциялык банктар иштебейт. Бул тууралуу «Акчабарга» Бай Түшүм банкынын өкүлү Максатбек Ишенбаев билдирди.
[news 28678]
«Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бүгүн эч кандай иш алып барбоо боюнча буйрук келип түштү. Бүгүн бир дагы коммерциялык банктар, ошондой эле Бай Түшүм банкы дагы иштебейт», - деп билдирди Ишенбаев.
Эске сала кетсек, Бишкекте болуп жаткан башаламандыктан улам акча алмаштыруучу жайлар кечээ, мөөнөтүнөн мурда жабылышкан.