Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    18.03.2022, 10:52

    Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугушуп, кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу ой-пикир алмашуу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толугу менен колдонулбай келерин жана дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу проекттер тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

    Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форумун өткөрүү тууралуу жана кыргыз-герман Ишкерлер Кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

    Белгилей кетсек, Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.


    Читать похожее

    • 18.03.2022, 04:52:59