Akchabarsearch
    Источник фото: ТИМ

    Опубликовано

    29.03.2022, 09:04

    Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Германияга иш сапарынын алкагында Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин статс-катчысы Франциска Брантнер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

    Тараптар эки тараптуу кыргыз-герман техникалык долбоорлорун ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы ишкердик кызматташтыкты арттыруу пландарын талкуулашты.

    Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин түзүлүшү оң жагына белгиленди.

    Кыргыз тарап соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү инструментине айланган экономика тармагында башкаруучу кадрларды даярдоо боюнча "Германия менен өнөктөштүккө даяр" программасынын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

    Мындан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ведомстволорунун экономика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергияны үнөмдөө жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу маселеси талкууланды.

    Жолугушуунун жыйынтыгында соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча активдүү биргелешкен аракеттерди улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.


    Читать похожее