akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    06.04.2022, 10:28

    Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Бул туралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, 6-апрель саат 15:30га карата “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат.

    “Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда. Кыргыз-казак чек аранын башка пунктарында унаалардын токтоп турушу байкалган жок”, - деп айтылат маалыматта.

    Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

    Белгилей кетсек, 26-мартта Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушуна жөл бербөөнү макулдашышкан.


    Читать похожее

    • 07.02.2024, 05:50:26
    • 21.04.2022, 02:17:50
    • 11.04.2022, 00:15:17
    • 06.04.2022, 04:28:44