Опубликовано
06.03.2022, 04:09Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү жана «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Кожошев белгилегендей, мындан ары карай эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кыргыз-кытай чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарлардын көлөмүн жогорулатуу үчүн күч-аракет жумшоо зарыл экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Лю Суше билдиргендей, учурда Торугарт жана Эркештам өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын саны пандемияга чейинки мезгилге жетти, ал эми Кытай тарап консенсуска жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мындан ары иш алып барууга даяр экендигин билдирди.
Буга катар кыргыз тараптын сунушу менен кытай тарап чектеш өткөрүү пункттарынын иштөө убактысын узартуу маселесин кароо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу протокол кабыл алынып, ишкер байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.