Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    27.09.2023, 10:34

    Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда “Күз ортосу” фестивалын (29-сентябрь) жана Кытайдын түзүлгөн күнүн (1-октябрь) майрамдоого байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

    Мамлекеттик чек аралар 2023-жылдын 29-сентябрында жана 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабык болот.

    Аталган бекеттер аркылуу адам, транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 4-октябрдан тарта жанданат.


    Читать похожее