Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    10.07.2023, 09:33

    Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Арабия Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын төрагасы Хасан Аль-Хувайзи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

    Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

    Анда элчи Марипов Кыргызстан өкмөтүнүн чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштери тууралуу айтып берип, өлкөдөгү инвестициялык климат боюнча кеңири маалымат берди.

    Ал эми Хасан Аль-Хувайзи кыргыз-сауд кызматташтыгынын өнүгүү динамикасын жогору баалап, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын максималдуу пайдалануу үчүн соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


    Читать похожее