Опубликовано
12.04.2022, 08:55Бүгүн “Кызыл-Бел” – “Гулистон” өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Сүйлөшүүнүн натыйжасында: