
Опубликовано
24.01.2023, 04:42Баткен облусунун Лейлек районунун чек арачылары унаа текшерүү учурунда 25 куту мандарин табышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Достук айылынын 1994-жылы туулган тургуну мандаринди Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Ал цитрус өсүмдүгүн сатуу үчүн алып келе жаткандыгы аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин товарлар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.


