Опубликовано
30.07.2024, 08:45Кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.
Анын айтымында, чечиле элек 6% тилкелер Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер”.
“11-17-августта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өтөт. Биз калган жерлерди да тактаганга аракет кылабыз”, - деди Бөрүбаев.
Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.