Опубликовано
22.03.2022, 11:1922-мартта Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркия парламентинин экс-спикери Бинали Йылдырым менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар ТМУ жана эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле ТМУ жана кыргыз-түрк өнүктүрүү фонду үчүн инвестициялык фондду түзүү маселелерин талкуулашты.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жүгүртүүнүн динамикасын жогорулатуу, соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешип иш алып баруу, электрондук коммерцияда кызматташууну өнүктүрүү боюнча максаттарды коюшту”,- деп айтылат маалыматта.