Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    26.04.2022, 09:04

    Кыргызстан менен Өзбекистандын ишканаларынын катышуусунда 20 гектар жерге май өндүрө турган завод куруу каралып жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекстанда өтүп жаткан “ИННОПРОМ. Борбордук Азия” аттуу эл аралык өнөр жай көргөзмө өтүп жаткан учурда билдирди.

    Анын айтымында, Кыргызстан бул долбоорлор ишке ашуусу үчүн бардык аракеттерди жасайт. Мындан тышкары кыргыз-өзбек биргелешкен долбоору аркылуу Кыргызстанда латекс кол каптарын чыгарууга аракет жасалып жатат.

    “Мунун арты менен жумуш орундары түзүлөт, медициналык мекемелер зарыл материалдар менен камсыз болот. Бул багыттагы иштерди өнүктүрүү гана зарыл”,- деди Амангелдиев.

    Ошондой эле, ал Борбордук Азиядан орун алган негизги өнөр жай өндүрүшүнүн тармактары машина куруу багытында боло аларын айтып, анын аркасы менен Евразия континентин керектүү тетиктер, техикалар жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоого болорун белгиледи.

    “Жеңил өнөр жайындагы буга чейинки соода – экономикалык балансты сактоо үчүн, Кыргызстан жеңил өнөр жайында биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүндүгүн кароону сунуш кылат. Өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана тоскоолдуктарды четтетүү үчүн, балким бажы төлөмдөрүн жокко чыгаруу, чек аралардан өтүүнү жөнөкөйлөтүү жана башка чараларды да кабыл алуу зарыл”,- деп кошумчалады ал.


    Читать похожее

    • 26.04.2022, 03:04:53