
Опубликовано
03.08.2023, 04:51Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду үч долбоорду каржылайт. Бул тууралуу “Янги Өзбекстан” басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, биринчи долбоордун алкагында Өзбекстандан жип сатып алуу үчүн “Текстиль Транс” ЖЧКсына жүгүртүү каражатын берүү пландалууда. Долбоор экспортко багытталган, анткени ишкана продукциясынын 70%ын Орусия менен Казакстанга сатат.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Өзбекстандын “СамАвто” компаниясынан он жүргүнчү ташуучу автобус жана эки таштанды ташуучу унааны ижарага алат. Муну менен шаарда инфраструктура өнүгүп, жабдууларды тейлөөгө кеткен чыгым азаят.
Үчүнчү долбоордун алкагында Түп айыл өкмөтүнө төрт даана атайын техника лизингге берилет. Мунун аркасында аталган аймакта таштандыны чыгаруунун көлөмү кеңейет. Жабдуулар Өзбекстандан сатылып алынат.



