Akchabarsearch

Опубликовано

17.07.2019, 03:44

Учурда зергерчиликти өнүктүрүү боюнча өкмөт концепция кабыл алды. Ага ылайык 2019-2020-жылдары жумуш орундарын түзүп, атаандаштыкты күчөтүү менен зергерчиликтин көлөмүн көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

[news 16187]

Концепцияга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эми бул концепцияга ылайык 2020-жылга чейин ата мекендик зергерчилер алтын менен күмүштүн өндүрүмүн 1 тоннага жеткирүүсү каралууда. Эгерде зергелер жылына 1 тоннадан баалуу металлды иштетсе анда 2500 адам жаңы жумушчу орун менен камсыз болмок.

Учурда өкмөт тарабынан төмөндөгү иштерди аткаруу каралууда;

  • – зергерчиликти колдоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу;
  • – зергерчиликте атаандаштыкты күчөтүү;
  • – зергерчиликти экспортого шарттарды түзүү;
  • – счийки заттар менен ички жана сырткы рынок аркылуу камсыздоо

[news 16175]

Эскерте кетели, азырынча зергерлер Кыргызстанда өндүрүлгон алтынды дүйнөлүк рыноктогу баада, кээде андан дагы жогорку баада сатып алышат.


Читать похожее