Опубликовано
14.04.2022, 04:49Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштуруу боюнча кыргыз жана герман тараптардын ортосунда тиешелүү меморандум түзүү пландалууда. Бул маселе Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин Эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер менен жолугушууу учурунда талкууланды.
Элчи Кыргызстандын жогорку жана кесиптик билим берүү системасы, эмгек рыногу жана Кыргызстандын жарандарынын Германияда ишке орношууга болгон кызыгуусу тууралуу кеңири маалымат берди. Текебаев белгилегендей, учурда бул процесс Кыргызстанда 12ге жакын жеке компаниялар тарабынан системалаштырылбаган түрдө жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу элчи кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.
Маркус Бирхер Германияда жаш кадрлардын жетишсиздигинен улам Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиги Кыргызстандан да квалификациялуу адистерди тартууга кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш ж.б. экенин айтты. Ошол эле учурда ал Германияда жумушка орношуу үчүн немис тили, кесиптик дипломдун болушу талап кылынарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз жана герман тараптардын ортосунда тиешелүү Меморандумду жакын арада түзүү маселеси макулдашылды жана ал Меморандумда кыргызстандык адистерди Германияга даярдоо жана ишке орноштуруу боюнча конкреттүү кадамдар чагылдырылат.