
Опубликовано
25.04.2023, 07:11Башкы прокуратура “Кыргызавтожол” жана №32 Жол тейлөө ишканаларын текшерди. Текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Жел-Арык битум базасына 2022-жылы жалпы 4 551,245 тонна битум кириштелип, 4 100,6 тонна “Кыргызавтожол” МИ караштуу жол тейлөө ишканаларына таркатылып берилген. Бирок 300,6 тонна битумдун калдыгы белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.
Натыйжада “Кыргызавтожол” МИ жана №32 ЖТИнин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарынан пайдаланып, жеке пайда табуу аракеттеринин жыйынтыгында мамлекетке жалпы 17 млн. 333 миң сомдук зыян келтирген.
Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



