Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

10.07.2023, 04:00

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан “Кыргызкерамзит” заводу ишке кирет. Бул тууралуу “Кыргызиндустриядан” билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында пилоттук иштер жүрүүдө. Быйыл сентябрь айында керамзит заводу долбоордук кубаттуулугуна жетиши күтүлүүдө.

“Кыргызкерамзит” долбоорунун негизги максаты - жогорку сапаттагы керамзит курууга өлкөнүн ички керектөөсүн камсыз кылуу. Завод ички рынокту жогорку стандарттарга жооп берген курулуш, жылуулоо жана ысыкка чыдамдуу продукция менен камсыз кылат.


Читать похожее