
Опубликовано
18.07.2023, 11:35Быйыл алты айда 34 миң 975,2 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сүт азыктары Орусияга – 1589,3 тонна, Казакстанга – 32949,9 тонна, Өзбекстанга – 416 тонна, АКШга – 24 тонна экспорттолгон.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 75 ишканасы Өзбекстандын Бирдиктүү реестрине каттоого сунушталып, 36 ишкана каттоодон өттү. Алардын 13ү сүттү кайра иштетүүчү ишканалар, буга чейин продукцияларын экспортко чыгарган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат Россельхознадзор менен 4 сүттү кайра иштетүүчү жана 5 балык чарба ишканасын онлайн текшерүүгө макулдашты.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 12 айында ЕАЭБ өлкөлөрүнө 36 миң 459,4 тонна сүт азыктары экспорттолгон.



