
Опубликовано
20.07.2023, 10:48Мамлекет аскердик тармакка техника сатып алууга көбүрөөк каражат бөлө баштады. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө аскердик техника жана курал-жарактар масштабдуу түрдө жаңыланды.
“2020-жылы бул багытка 3,5 млрд сом гана жумшалса, 2021-жылы 32 млрд, 2022-жылы 53 млрд сом сарпталган. Быйыл алты айда 40 млрд сомдон ашык бөлүндү”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Камчыбек Ташиев мамлекет соңку 2,5 жылда бул тармакка 120 млрд сомдон ашык бөлгөнүн белгиледи.



